Экономика

1-октябрдан тартып пенсияны көтөрүү каралууда

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги «2021-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн индексациялоо жөнүндө» министрлер кабинетинин токтомунун долбоорун коомдук талкууга алып чыкты.

Документте 2021-жылдын 1-октябрына чейин дайындалган пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн 2021-жылдык 1-октябрынан тартып 1,08 индексациялоо коэффициентине, бирок жалпы өлчөмү 4785 сом 40 тыйындан ашпаган пенсиялар үчүн 200 сомдон кем эмес жана жалпы өлчөмү 4785 сом 40 тыйынды түзгөн жана андан ашкан пенсиялар үчүн 500 сомдон кем эмес индексацияласын деп көрсөтүлгөн.

Социалдык фонддун алдын ала эсептөөсүнө караганда, 2021-жылдын 1-октябрына карата пенсионерлердин саны 715,5 миң адамды түзөт.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button