Кылмыш-кырсык

Токтогулда дааратканага ташталган наристенин энеси зордукталган

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда дааратканага ташталган ымыркай менен анын энеси таежесинин үйүндө жашап жатышат. Эне менен баланын ден соолугу тыкыр көзөмөлгө алынган. Маалыматты облустук эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгы билдирет.

Белгилүү болгондой, 18 жаштагы эне жаштайынан таежесинин колунда чоңойгон. 9-класска чейин аталган райондогу мектептердин биринде окуган. Кийин шаарда колледжде окуп жүргөн.

“Кыз туугандарына бир ирет караңгыда белгисиз адам тарабынан зордукталганын айткан. Бирок бул тууралуу ал өз убагында эч кимге айта алган эмес. Кыздын жүрүм-туруму боюнча бир гана жакшы сөздөр айтылды. Эне-баланын абалы жакшы. Мындан ары дагы алардан кабар алып турабыз.

”Бул маселе дагы балдар иштери боюнча комиссияда каралып, документтер даярдалып жатат. Биз бала энесинде калабы же башка чечим кабыл алынабы, айта албайбыз”, – дешет алар.

Эске салсак, 2021-жылы 11-августта Токтогул районунун Токтогул шаарынын Сарагүл көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн дааратканасына жаңы төрөлгөн ымыркай кызды белгисиз бирөө таштап салган.

Ошол эле күнү милиция кызматкерлери наристенин энеси табышкан. Ал 2003-жылы туулган А.К. экени белгилүү болгон.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button