Коом

Паралимпиадачы Арстанбек Базаркулов Токиодон кайтып келди

Кыргызстандык спортчу Арстанбек Базаркулов Токиодогу XVI Паралимпиада оюндарынан кайтып келди. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Базаркуловду аталган агенттиктин директору Союзбек Надырбеков, Спорттун олимпиадалык эмес түрү боюнча дирекциясынын директорунун орун басары Жаныбек Бейшебек уулу жана спортчунун колдоочулары тосуп алышты.

Паралимпиада оюндарына Кыргызстандын атынан пара-жеңил атлетика боюнча (ядро ыргытуу) Арыстанбек Базаркулов жана көзү азиз спортчулар арасында пара-дзюдо боюнча Хайитхон Хусан кызы (57 кг) катышкан. Тилекке каршы, спортчулар байгелүү орундарга илинбей калган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button