Коом
“Унаа” мекемесинин директору болуп Рустам Жокошев дайындалды
Рустам Жокошев “Унаа” мамлекеттик мекемесинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койду.
Рустам Жокошев 1987-жылдын 6-апрелинде Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Арчалы айылында туулган. Жогорку билимдүү.