Кылмыш-кырсык
«Бишкек» ЭЭАнын жетекчиси Кудрет Тайчабаров жол кырсыгына кабылды
«Бишкек» эркин экономикалык аймагынын жетекчиси Кудрет Тайчабаров жол кырсыгына кабылды. Маалыматты Патрулдук милиция кызматы ырастады.
Кырсык бүгүн Масалиев көчөсүндө болгон.
«Кырсыктын күнөөкөрү көк унаанын айдоочусу. Жаш жигит жол эрежесин билбейт экен. Экинчи жолдон катуу ылдамдыкта айдап келип, биздин машинаны сүздү. Менде эч кандай оор жаракат жок, бирок колумду сындырып алган окшойм», — деп белгиледи Бишкек ЭЭАнын жетекчиси.