Кылмыш-кырсык
«Чон-Капка» көзөмөл өткөрүү жайында чек арада мыйзам бузуу аныкталды
«Чон-Капка» көзөмөл өткөрүү жайында Казакстан Республикасынан Кыргыз Республикасынын аймагына мыйзамсыз жол менен алынып келе жаткан 200 коробка тооктун жумурткасы «Чон-Капка» чек ара ветеринардык көзөмөлдөө пунктунун инспекторлору тарабынан ветеринардык көзөмөл жүргүзүүдө ЕАЭБдин ветеринардык-санитардык талаптарын бузгандыгы аныкталган.
«Чон-Капка» чек ара ветеринардык көзөмөлдөө пунктунун инспекторлору текшерүү учурунда ветеринардык коштомо документтери жок экендиги жана ЕАЭБдин ветеринардык-санитардык талаптары сакталбагандыгы аныкталган.
«Чон-Капка» чек ара ветеринардык көзөмөлдөө пунктунун инспекторлору тарабынан тиешелүү артка кайтаруу актысы түзүлүп, жүк Казакстанга «Чон-Капка» көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу артка кайтарылды.