Кылмыш-кырсык

Баткен шаарында уурулукка шектелип жаш өспүрүмдөр кармалды

Баткен шаарында жайгашкан соода түйүндөрүнөн 2022-жылдын 14-февраль түнү белгисиз адамдар тарабынан сатыкта турган кийим-кечелер уурдалгандыгы боюнча Баткен ШИИБне 3 арыз келип катталат.

«Ууру» рейддик иш-чарасынын жүрүшүндө Баткен ШИИБнин кылмыш иликтөө тобунун кызматкерлери тарабынан Баткен районунун Чоң-Талаа, Кара-Бак, Айгүл-Таш, Согмент айылдарынын тургундары аныкталып кармалды.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө кармалган жарандар жаш өспүрүм экендиги аныкталып, уурдалган буюмдардын жалпы чыгымы такталууда.

Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button