Коом

Эл аралык олимпиадада «Сапаттын» окуучулары 2 алтын жана 3 коло медалга ээ болушту

2022-жылдын 15-23-февраль күндөрү математика, информатика жана физика сабактары боюнча XVIII Эл аралык Жаутыков атындагы олимпиадасы онлайн форматта болуп өттү. Анда “Сапаттын” окуучулары 2 алтын жана 3 коло медалдын ээси болушту. Бул тууралуу “Сапат” билим берүү мекекмисенен билдиришти.

Аталган олимпиадага 22 өлкөдөн 1178 дөн ашык окуучу катышты. Кыргызстандын командасы 49 окуучудан түзүлүп, анын ичине Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемесинин 27 окуучусу кирди.

Тапшырмалардын жыйынтыктары боюнча “Сапаттын” окуучулары төмөндөгүдөй жетишкендиктерди көрсөтүштү:

Информатика – Курманбек баатыр атындагы Жалал-Абад лицейинин 10-классынын окуучусу Беккоёнов Тенгиз жана Ч. Айтматов атындагы Бишкек лицейинин 10-классынын окуучусу Мундузбаев Айдар алтын медалга ээ болушту.

М. Субакожоев атындагы Нарын лицейинин 11-классынын окуучусу Бейшекеев Данияр менен  Ч. Айтматов атындагы Бишкек лицейинин11-классынын окуучусу Дыйканбаев Талант коло медалга ээ болушту.

Математика  — Жайыл баатыр атындагы жалпы билим берүү лицейинин 11-классынын окуучусу Бактыбеков Талгат коло медалга ээ болду.

Бул олимпиада 2005-жылдын январь айынан тартып 15 мамлекеттин арасында өтүп келет. Негизги максаты – физика, математика жана информатика илимдерин пропагандалоо, дүйнө жүзүндөгү мектептер арасында профессионалдык кызматташтыкты бекемдөө, ошондой эле таланттуу жаштарды ачуу, маалыматтык технологияны өнүктүрүү жана маалыматтык маданиятты жогорулатуу болуп эсептелет.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button