Кылмыш-кырсык
Сузакта бала бакчанын жетекчиси «эмгектенбеген» бир нече адамга айлык жазып келген
Жалал-Абад облусунда мамлекеттин акчасын мыйзамсыз жол менен алып келген бала бакчанын жетекчисине иш козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Барпы айыл өкмөтүндөгү «Э» бала бакчасынын мурдагы жетекчиси Г.Б. 2015-2021-жылдар аралыгында эмгектенбеген бир нече адамга да табель толтуруп, акчасын өзүнө жумшаган.
Сузак райондук прокуратурасы жүргүзгөн иликтөөнүн жүрүшүндө мындан мамлекетке 1 млн 170 миң 200 сом зыян келгени аныкталган.
Аталган факты боюнча райондук прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси менен (кызмат абалынан кыянат пайдалануу) иш козголуп, учурда тергөө жүрүүдө.