Саясат

Республиканын аймагындагы мыйзамсыз басып алынган жерлерди мыйзамдаштыруу боюнча жазылган мыйзам долбоору

Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Сыдыгалиев “2012-жылдын 3-августуна чейинки мөөнөттө өз бетинче курулган, жеке басып алган жерлерди мыйзамдаштыруу” мыйзам долбоорун демилгелен. Төмөндө республиканын аймагындагы мыйзамсыз басып алынган жерлерди мыйзамдаштыруу боюнча жазылган мыйзам долбоору тууралуу айтып, сунуштарын келтирди.

УРМАТТУУ КЫРГЫЗСТАНДЫКТАР!

Мен, өткөн VI чакырылышта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты катарында, “2012-жылдын 3-августуна чейинки мөөнөттө өз бетинче курулган, жеке басып алган жерлерди мыйзамдаштыруу” мыйзам долбоорун демилгелегем.

Аталган мыйзам долбоордун негизинде, Бишкек жана Ош шаарларындагы мыйзамсыз басып алынган жерлерди мыйзамдаштыруу каралмак.

Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин үч комитеттинде концепциясы кабыл алынып жалпы жыйынга сунушталган.

Бирок, Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын ыйгарым укуктары аяктап  калгандыгына байланыштуу кабыл алынбай калган.

Ал эми, Жогорку Кеңештин VII чакырылышы ишин баштагандан кийин, республиканын аймагындагы мыйзамсыз басып алынган жерлерди мыйзамдаштыруу боюнча Президенттин демилгесинин негизинде, Министрлер Кабинети тарабынан “Жер укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” жана “Жерди пайдалануу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” жаңы мыйзам долбоорлорун сунуштагандыктан, менин демилгем менен VI чакырылышта сунушталган Бишкек жана Ош шаарларындагы мыйзамсыз басып алынган жерлерди мыйзамдаштыруу боюнча мыйзам долбоорумдагы нормаларды Министрлер Кабинети сунуштаган “Жер укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” мыйзам долбооруна 8 сунуш жана “Жерди пайдалануу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбооруна 3 сунуш киргиздим.

Негизги сунуштардын бири 2021-жылдын 1-декабрынан тартып күчүнө кирген жаңы редакцияда кабыл алынган кылмыш-жаза кодексине ылайык, 2021-жылдын 1-декабрына чейинки мөөнөттө мыйзамсыз өз бетинче курулган, жеке  басып алынган жерлер мыйзамдаштырылып, ал эми андан кийинки жылдар аралыгында мыйзамсыз ээлегендер жоопко тартылат.

Аталган мыйзам долбоорлору Жогорку Кеңеш тарабынан жактырылып, 2022-жылдын 1-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президенти Жапаров Садыр Нургожоевич  тарабынан кол коюлду.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” жана “Жерди пайдалануу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлоруна өзгөртүү киргизүү жөнүндө бир катар сунуштарды киргизгем, алар:

 “ЖЕР-УКУКТУК МАМИЛЕЛЕРДИ ЖӨНГӨ САЛУУ ЖӨНҮНДӨ” КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМ ДОЛБООРУНА 8 СУНУШ КИРГИЗГЕМ:

   1-сунуш. Атап айтканда, Мыйзам долбоорунун баштапкы преамбуласын, ошондой эле 1-беренесин бириктирүү сунуштагам. Анда Мыйзамда каралган жер амнистиясынын объектилерине карата жарандардын менчик укуктарын мамлекет тарабынан  таануу же бекитүү боюнча мамлекет жер амнистиясын жүргүзүүсүн жѳнгѳ салат, алардын укуктук негиздерин, жерге амнистия жүргүзүү жана алардын кол тийбестигине мамлекеттик кепилдиктерди берүү тартибин белгилейт.

2-сунуш. Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен «бир жолку акция» түшүнүгү каралбагандыктан, мыйзам долбоорунда бул түшүнүктү ачып, так аныктама берүүнү сунуштагам.

Ошондой эле, укук колдонуу тажрыйбасында талаш жагдайларды болтурбоо максатында, мыйзам долбоорунун 3-беренесинин 2-бѳлүгүндѳ белгиленген “жер амнистиясынын объектилери” түшүнүгүн так конкреттештирүүнү жана жер амнистиясына туура келген объектилердин тизмегин так аныктоо боюнча сунуш киргизгем.

 3-сунуш. Мындан тышкары Мыйзам долбоордун 2-бересине тѳмѳнкү мазмундагы термин менен толуктоону сунуштагам:

  • «Бир жолку акция – ушул Мыйзам менен каралган, анын мѳѳнѳтүндѳ жер амнистиясынын субъектилери жер амнистиясынын жол-жоболорун жүргүзүү үчүн ыйгарым укуктуу органга кайрыла ала турган мѳѳнѳт».
  • “Жер амнистиясынын субъекттери” аныктамасындагы «Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары» сѳздѳрүн алып салып, «Ыйгарым укуктуу органдар» термининде «өз алдынча башкаруу органдары» сѳздѳрүн «өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары» сѳздѳрү менен алмаштыруу сунуштагам.
  • «Жер амнистиясынын объекттери» жана «Өз алдынча курулган жеке турак үйлөр» дефинициялары тѳмѳнкүдѳй редакцияда баяндалсын деп:

«Жер амнистиясынын объекттери – жер участоктору:

— 2021-жылдын 1-декабрына чейинки мѳѳнѳткѳ укук белгилѳѳчү документтерсиз жеке турак үйлѳрдүн курулушу менен аяктаган, ѳз алдынча курулган;

— айыл чарба өндүрүшүндө пайдаланууга жараксыз болгон;

— жер үлүштөрүнө бөлүнгөн “айыл чарбачылык” максаттуу багыты менен жеке менчик укуктары жөнүндө мамлекеттик актысы бар;

— багбанчылык-дача участоктору.

Өз алдынча курулган жеке турак үй — анын колдонуучулары тарабынан жашоо үчүн пайдаланылган, бул максаттар үчүн мыйзамда белгиленген тартипте бѳлүнбѳгѳн жер участогунда курулган жекече-аныкталган турак имарат».

4-сунуш. Мыйзам долбоорунун 3-беренесинин 2-бѳлүгү тѳмѳнкүдѳй редакцияда баяндалып, Мыйзамдын колдонулушу төмөнкүлөргө жайылтылбайт:

— кайтарылуучу зоналарда жана газ түтүктөрү, жогорку чыңалуудагы электр линиялары жана жылуулук тармактары өткөн жерлерде, көрүстөндөрдүн корголуучу зоналарында, мал көмүлгөн жерлерде, таштанды жайларында, социалдык-маданий жана тиричилик багытындагы объекттерди куруу үчүн арналган жерлерде, калктуу конуштардын жалпы колдонгон жерлеринде өз алдынча курулган жер участокторуна;

— экологиялык, санитардык-эпидемиологиялык талаптарга жооп бербеген, табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарга дуушар болгон жер участокторуна сот органдарынын тиешелүү чечимдери болгон, ошондой эле Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурас объектилерин коргоо зоналарында жайгашкан жер участокторуна.».

5-сунуш. Мыйзам долбоорунун 4-беренесинде «Жер амнистиясынын субъекттери» сѳздѳрүнѳн кийин «2021-жылдын 1-декабрына чейин жүргүзүлгѳн» сѳздѳрү менен толуктоо сунушталган.

Анткени, “Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексин, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексин, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексин колдонууга киргизүү жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө киргенге чейин жер мунапысынын субъектилери өзүм билемдик менен жер участогун басып алгандыгы жана комиссия тарабынан жер мунапысынын объектилери болуп аныкталган жерлерде уруксатсыз курулуш жүргүзгөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде жана Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде каралган жоопкерчиликтен бошотулат.

Тактап айтканда, 2021-жылдын 1-декабрына чейинки мөөнөттө мыйзамсыз басып алынган жерлер мыйзамдаштырылат. Ал эми андан кийинки жылдар аралыгында мыйзамсыз ээлегендер эми жоопко тартылат.

6-сунуш. Мыйзам долбоорунун 5-6-беренелерин тѳмѳнкү редакцияда баяндоону сунуштагам:

5-берене. Жер амнистиясы боюнча Комиссиясы тууралуу:

  1. Жер амнистиясын жүргүзүү үчүн жергиликтүү мамлекеттик администрацияларда жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун аткаруу органдарында тиешелүү Комиссия түзүлѳт.

Комиссия жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысынын же тиешелүү аймактагы жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун аткаруу органынын тиешелүү актысы менен түзүлѳт.

  1. Комиссиянын Тѳрагасы болуп жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысынын орун басары же тиешелүү административдик-территориялык бирдиктин жергиликтүү ѳз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын башчысынын орун басары дайындалат.
  2. Комиссиянын иш тартиби, анын курамы жана функциясы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

6-берене. Жер амнистиясынын объекттерине менчик укуктарын таануу же бекитүү.

  1. Жер амнистиясынын объектисине менчик укуктарын таануу же бекитүү коомчулукка билдирүүнүн жыйынтыктары боюнча Комиссия бекиткен колдонуучулардын тизмелеринин негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.
  2. Жер амнистиясын жүргүзүү тартиби, колдонуучулардын тизмелерин түзүү, коомчулукка билдирүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары тарабынан жер амнистиясынын объекттерине менчик укуктарын таануу же бекитүү жөнүндө чечимдерди кабыл алуу жол-жобосу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

7-сунуш. Мыйзам долбоорунун 5-6-беренелери, 7-10-беренелердин бѳлүгүн сиңирип алгандыгын кошумча белгилеп кеткем жана мыйзам долбоорунун белгиленген беренелерин алып салуу сунушун киргизгем.

8-сунуш. Мыйзам долбоорун тѳмѳнкү мазмундагы 12 жана 13-беренелер менен толуктоону сунуштагам:

«12-берене. Жер амнистиясын жүргүзүү тартибин бузгандыгы үчүн жоопкерчилик.

Ыйгарым укуктуу органдар жана алардын кызмат адамдары жер амнистиясын жүргүзүү тартибин бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жѳнүндѳ мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын жазык мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.

13-берене. Даттануу тартиби.

Жер амнистиясынын субъекттери ыйгарым укуктуу органдардын чечимдерин, аракеттерин (аракетсиздиктерин) Кыргыз Республикасынын административдик иштин жана административдик жол-жоболордун негиздери жѳнүндѳ мыйзамдарында белгиленген тартипте даттанууга укуктуу.».

Ошону менен бирге, мыйзам долбоорунун 12-беренесин 14-берене деп эсептѳѳнү жана аны тѳмѳнкүдѳй редакцияда баяндоону сунуштагам:

“14-берене. Бул Мыйзамды аракетке киргизүү жѳнүндѳ.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндѳн баштап күчүнѳ кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети бир ай мѳѳнѳттүн ичинде ѳз чечимдерин ушул Мыйзамга шайкеш келтирсин жана ушул Мыйзамды ишке ашыруу боюнча тиешелүү чараларды кабыл алсын».

  1. “ЖЕРДИ ПАЙДАЛАНУУ ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ АЙРЫМ МЫЙЗАМ АКТЫЛАРЫНА ӨЗГӨРТҮҮЛӨРДҮ КИРГИЗҮҮ ЖӨНҮНДӨ” КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМ ДОЛБООРУНА 3 СУНУШ КИРГИЗДИМ.

1-  сунуш. Мыйзам долбоорунун 1-беренесине кошумча талдоо жүргүзүп, бир катар сунуштарды киргизгем.

2- сунуш.  Мында, “Жер-укуктук мамилелерди жѳнгѳ салуу жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору менен каралган жер амнистиясын жүргүзүү, амнистияга кирген жер участокторун “калктуу конуштардын жерлери” категориясына которууну жүргүзгѳндѳн кийин мүмкүн болорун билдиргенмин.

3- сунуш. Мыйзам долбоорунун 1,2,4-8-беренелери жалпы эле мыйзамдарга бланкеттик шилтемелерди камтып турат, ал Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы №5389-V токтому менен бекитилген Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускаманын 78-пунктуна туура келбейт, ага ылайык мыйзамдарга бланкеттик шилтемелерге жалпысынан жол берилбейт деп белгилегем.

Ушуга байланыштуу, Мыйзам долбоорун жѳнгѳ салуу тармагын же чѳйрѳсүн кѳрсѳтүү менен мыйзам долбоорунда аларга карата шилтеме берилген мыйзам долбоорунун белгиленген беренелеринде ченемдик укуктук актыларга талдоо жүргүзүп кѳрүү керектигин сунуштагам.

 

 

 

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button