Кылмыш-кырсык

Бишкектеги «Ала-Тоо» аквапаркына 3-класстын окуучусу чөгүп кетти

Бишкекте No95 мектептин 3-классынын окуучусу Ала-Тоо аквапаркына чөгүп каза болду. Бул тууралуу окурмандар билдиришти.

Алардын айтымында, бүгүн балдар аквапаркка эс алууга барышып, борбордогу он мектептин башталгыч класстарынын окуучулары үчүн иш-чара уюштурулган.

«Бардык ата-энелер шок болууда, анткени эч жерде  маалымат айтылган эмес. Бала үчүнчү класста окучу. Балдар милиция менен тез жардам келгенин көрүшкөн. Мындай жерлерди кыдырганды токтотуш керек, аквапарктын администрациялары мектептер менен сүйлөшүп, балдарды ал жакка алып барышат, чындыгында аларды караган эч ким жок. Биз шок болдук», — дешет окурмандар.

Бишкек шаардык мэриясынын билим берүү башкармалыгынын башчысынын орун басары Данияр Абдуазизов борбордогу мектептин окуучусу аквапаркта каза болгонун тастыктады.

«Себептери азырынча белгисиз. Биз комиссия чогултуп жатабыз, бүгүн текшерүү үчүн мектепке барабыз. Буга чейин балдар ата-энелери менен болуп, эс алуу уюштурушкан. Окуу процессинде болгон-болбогондугун билебиз. Окуя болгон жерде куткаруучулар болгон-болбогону азырынча белгисиз», — деди ал.

Ошол эле учурда,  эсалуучу жайдын администрациясы аквапарк убактылуу жабылганын Instagram баракчасына жарыялады.

— скриншот

Өз кезегинде, Саламаттыкты сактоо министрлиги окуя боюнча төмөнкүлөрдү билдирди.

«Саат 11:13тө бала сууга чөгүп кеткени тууралуу маалымат түшкөн. 11:27де «Тез жардам» кызматы барганда бала суунун үстүнө калкып чыгып калган. Окуяга байланыштуу реанимациялык иш-чаралардын баары жасалган. Баланын каректери кеңейип, өпкөсүнө суу толуп калган. Каза болгон бала №95 мектептин 3-классынын окуучусу экендиги такталды», — деп маалымдашты министрликтен.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button