Коом

Өкмөт аэропортторду түркиялык компанияга башкарууга берүүдөн баш тартты

Кыргыз өкмөтү “Манас” жана “Ош” эл аралык аэропорттору боюнча түркиялык YDA INŞAAT компаниясы менен келишим түзүүдөн баш тартты. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров мындай чечимге Кыргызстандын кызыкчылыгы толук камтыбаганы себеп болгонун билдирди.

“Албетте, ар бир инвестор максималдуу түрдө пайда көрүп кетүүнү каалайт. Бирок, биз дагы максималдуу түрдө элдин, мамлекеттин кызыкчылыгын көздөшүбүз керек. Мамлекеттин кызыкчылыгына, коопсуздугуна толук жооп берсе, эки жылда дүйнөлүк стандартка ылайык курулушту бүтүрүп, эки аэропортту тең ишке киргизе турган кайсыл гана инвестор болбосун кызматташууга даярбыз. Же болбосо бул долбоорду өзүбүз ишке ашырабыз, бирок бул көбүрөөк убакытты талап кылат”, — деп Акылбек Жапаров айтканын өкмөттүн сайты жазды.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров эки аба майданды түркиялык YDA INŞAAT аттуу компанияга сырткы башкарууга берүүнү көздөп жатканын Жогорку Кеңештин 29-июндагы жыйынында билдирген. Парламенттин айрым депутаттары стратегиялык объектилер жең ичинен белгисиз компанияга 39 жылга сырткы башкарууга берилип жатат деп сындап чыгышкан.

Коомчулуктагы талкуудан кийин Акылбек Жапаров «Манас» жана “Ош” эл аралык аэропортторун тышкы башкарууга өткөрүп берүү боюнча азыр сүйлөшүү гана жүрүп жатканын айткан болчу.

““Манас” эл аралык аэропорту” ачык акционердик коомуна Кыргызстандын аймагындагы 11 аэропорт карайт. Алардын бешөө – «Манас», «Ош», «Ысык-Көл», «Каракол» жана «Баткен» эл аралык, ал эми алтоо –«Жалал-Абад», «И.Раззаков», «Караван», «Казарман», «Нарын» жана «Талас» аймактык деген макамга ээ.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button