Саясат

Садыр Жапаров: Маяна «Кумтөрдүн» жана бажы, салык төлөмдөрүнө көзөмөлдү күчөтүүнүн эсебинен көтөрүлдү

Президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасына билдирүү жазып, мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлердин маяналарына токтолду.

Мамлекет башчысынын айтымында, мамлекеттик кызматкерлердин айлыгы «Кумтөрдүн» жана бажы, салык төлөмдөрүнө көзөмөлдү күчөтүүнүн эсебинен көтөрүлгөнүн айтат.

Буга чейин ал тиешелүү жарлыкка кол койгон.

Жапаров бюджетти толтуруу боюнча иш-чаралардын натыйжасы азыртадан эле көрүнүп жатканын айтты:

«Бул иш-чаралардын аркасында биз маданият, медицина, билим берүү тармагындагы кызматкерлердин, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин эмгек акысын олуттуу көтөрө алдык», — деди президент.

Ал белгилегендей, кирешенин көбөйүшү иштин сапатына жана мамлекеттик кызматтын аброюна оң таасирин тийгизиши керек.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button