Judge. Male judge in a courtroom striking the gavel

2022-жылдын 17-августунда Бишкек шаарында Казакстандын жараны Арман Кадыров Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын ГОМ-2 бөлүмүнүн кызматкери, милициянын капитаны А.Алымкуловду катуу сабап салган.

Улуттук госпиталдын дарыгерлеринин билдирүүсунө ылайык, жабырлануучу Алымкуловдун мурун сөөктөрү жабык сынган, оң жак тиштеги бөлүкчөлөр көгала жана гематомалар, жабык баш мээ жаракаттары жана баш мээси чайкалган. Бул тууралуу ММК булактарына  тиешелүү документтерин жабырлануучунун жактоочусу Жылдыз Тейишова берген.

Анын айтымында, милиция кызматкери белгисиз аялга кол көтөргөн Арман Кадыровду арачалап, кылмышты токтотууга аракет кылган.

Андан ары Кадыровду аялды сабаганга шектелген жаран катары убактылуу кармоочу жайга киргизилип, ага «Бейбаштык» жана «Бийлик өкүлдөрүнө каршылык көрсөтүү» беренелери боюнча айып тагылган. Бул окуя боюнча андан соң Кадыровду Ленин райондук сотунун тергөө судьясы Т.Маматовго алып барса ал  аны ошол замат эле үй камагына чыгарып жиберген.

“Албетте, биз бул чечим боюнча шаардык сотко кайрылабыз. Ушундай мыкаачылык менен ур-токмокко алынгандан кийин кантип үй камагына чыгарат?! Ооба, албетте, анда үй камагында бул баш коргоо чарасы жана ошонун баарын айтышат. Бирок эмне үчүн экенин жакшы билебиз.Ал Казакстандын жараны жана каалаган убакта өлкөдөн чыгып кете алат.Ошондуктан бул чечимди мыйзамсыз деп эсептейбиз.Шаардык соттон тышкары, судьянын өзүнө да арыз жазуу ниетибиз бар. Биз  соттун  бул жерде компетентсиздигин же  Кадыровдун кызыкчылыгын көздөгөн деп эсептейбиз», – деди Тейишова.

Жабырлануучу Алымкуловдун азыркы абалы
Кылмышка шектүү Кадыров Арман

Ал эми ИИМ бул тууралуу азырынча маалымат бере элек. Коомчулукта ИИМдин кызматкери жабыркагандыктан анын укугун коргоо боюнча аракеттерди жүргүзөбү деген талкуулар болуп жатат.