123 баладан турган топ Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан «Улан» балдардын ден соолукту чыңдоо борборуна жайкы эс алууга жөнөтүлдү.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, бул жолу балдарга жардам көрсөтүүгө адистешкен өкмөттүк эмес уюмдардын тизмелеринде турган майыптыгы бар балдар, жетим балдар, ата-энесинин камкордугусуз калган жана турмуштук оор кырдаалда турган балдар үчүн жайкы эс алуу уюштурулду.

Ошондой эле 22-августта ден соолукту чыңдоо борборуна дагы 28 бала жөнөтүлөт. Жалпысынан жай мезгилинде министрлик тарабынан Талас, Нарын, Ысык-Көл, Чүй облустарынан жана Бишкек шаарынан 448 бала үчүн эс алуу уюштурулду.