Без рубрики

Оштун аэропортуна Ульяновскиде көз жумган 14 кыргызстандыктын сөөгү салынган учак келди

Ош шаарынын аэропортуна Россиядагы жол кырсыгында каза болгон 14 мекендешибиздин сөөгү салынган учак келди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тийиштүү уюштуруу иштерин жана башка маселелерди чечүү үчүн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, президенттин администрациясынын президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги Айбек Жунушалиев, президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев, ошондой эле тийиштүү мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилиги жеринде иш алып барууда.

Каза болгондордун туугандарына президенттин атынан материалдык жардам көрсөтүлөт.

Белгилей кетсек, 21-августта Россиянын Ульяновск облусунда 14 кыргызстандыктын өмүрүн алган үрөй учурган жол кырсыгы катталган. Андан тышкары, Кыргызстандын үч жараны жараат алып, ооруканага түшкөн. Учурда экөө жалпы палата которулса, бирөө реанимацияда жатат.

Кыргызстан 23-августта автокырсыкка байланыштуу аза күтүүдө.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button