Кеңеш

Психолог адамды бат чарчата турган кесиптерди атады

Өтө көп адам менен тыгыз байланышта иштеген кесиптин ээлери эмоционалдык жактан бат чарчайт. Бул тууралуу психолог Елена Селезневанын айтымына таянып «Известия» басылмасы жазды.

Анын айтымында, мындай кесип ээлерине: мугалимдер, медиктер, соцкызматкерлер, укук коргоо органдары, куткаруучулар, сатуучулар жана менеджерлер кирет.

«Дайыма стресс абалында жүрүү, жумуш, командировканын көптүгү, кесиптештер ортосунда ушак-айың, аз айлык, дем алышсыз иштөө — мунун баарын адамды чарчатып жиберет», — деген адис.

Мындай абалдан чыгуу үчүн адам жумушу менен үй-бүлө, хоббинин ортосундагы балансты сакташы керек. Башкача айтканда, аларды чогуу алып кеткенге аракет кылганы оң.

«Жумушунан чарчаган адам кесиптеш, жетекчилиги менен тил табышып, ишенимине кирип, кайсы тапшырма анын көңүлүнө жагар-жакпасын чечип алганы жакшы. Маселен, жумушта эмне жагарын, эмне көбүрөөк кыжалат кылып жатканын билиши керек. Андан соң «бүгүн мен бактылуумунбу, эртең мындан да жакшы болуш үчүн эмне кылышым керек» деген эки суроого жооп берип көрсүн», — деген психолог.

Шайды оодарбай калыпка келүүгө массаж, спорт, үй-бүлө менен эс алуу, достор менен жолугушуу, жер кыдыруу, басуу, медитация жана йога жардам берери кошумчаланды.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button