Коом

Алмазбек Рахманкулов: «Элибиз эки жолу оор сыноолорду баштан кечиришти»

Лейлек эли тагдырдын буйругу менен акыркы эки жылдан бери оор сыноолорду баштан кечиришүүдө. Жаз алдындагы табигый кырсыктарды эске албаганда да, тажик аскерлеринин аткылоосунан улам көз жумгандар, перзентинен айрылгандар болду. Өткөн жылы Максат айылы толугу менен кыйроого учураса, быйыл каргашалуу окуя кайра кайталанып, 107 турак жай жараксыз болду. Жаңы-Жер айыл аймагынын Арка, Борбордук, Достук айылдары, ал эми Кулунду айыл аймагынын Сада, Интернационал айылдарында ага кошумча болуп, мал-мүлктөрү да тонолгон. Биз бул багытта оор сыноого кабылган элдин абалы менен таанышуу максатында атайын көчмө редакциябыз менен Лейлек жергесине барып, райондун акими Алмазбек Рахманкулов менен баарлаштык.
— Өзүңүз айткандай, Лейлек эли эки жыл катары менен оор сыноолорду башынан кечирүүдө. Учурда тажик аскерлеринин эки жолку агрессиясынан кийин калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Негизи эле абалыңыздар кандай?
— Туура, тилекке каршы эки жолу элибиз оор сыноолорго кабылды. Эми эле өткөн жылдагы кайгылуу окуяларды унутуп, тажик аскерлери тарабынан толук талкаланган Максат айылындагы 100 үй Президентибиз Садыр Нургожоевичтин жеке көзөмөлү менен кыска аралыкта курулуп, жашоо кайра башталганда, быйыл дагы 16-17-сентябрда кошуналар тарабынан кол салуу болуп, Жаңы-Жер, Кулунду айыл аймактарындагы бир катар айылдарыбыз кайра кыйрап калды. Абдан өкүнүчтүүсү тажик аскерлери атайын даярдык менен биринчи социалдык обьектилерди, заставаларды, суу түтүктөрүн, жолдорду өзгөчө стратегиялык обьектилерди талкалап салышты. Район боюнча жалпы чыгым 1 млрд. 173 млн. сомду түздү. Бул суммага дагы тактоолор кирет. Себеби Орусияда жана Бишкек шаарларына кетип калышкан жарандардын үйлөрүнүн чыгымдары тактала элек.
— Өтө оор, мындайда мамлекет тарабынан да жардам берилип жаткандыр?
— Эң биринчи биз кыйраган айылдарды мамлекет тарабынан калыбына келтирүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Акча каражаттары бөлүнүп берилген. Жабыркаган 107 үйдүн 103 үнүн пайдубалы куюлуп бүттү. Дубалдары тургузулгандары да бар. Калган 4 үй да капиталдык оңдоп түзөөдөн өткөрүлөт. Ошол 103 үйдүн 55инин дубалдары кирпич менен курулушу жүрүп жатат. Бирок күн суук болгондуктан, курулуш иштери бир аз акырындык менен жүрүүдө.
— Чын эле элге оор, күтүүсүз болду. Мамлекет, коомчулук тарабынан элге кандай жардамдар берилүүдө?
— Ошол эле күнү туш тараптан азык-түлүк, акчалай жардамдар келе баштады. Элибизге чоң рахмат. Бизди оор күндөрү жалгыз таштаган жок. 50 миңден ашык кооптуу жайга көчүрүлгөн жарандарыбызга өз учурунда медициналык дагы, каржылык дагы, моралдык дагы жардамдар берилип турду. Мындан тышкары мамлекет тарабынан жараксыз болгон 107 үйдүн ээлерине 200 000 сомдон акчалай жардам берилди. 77 капиталдык оңдоп түзөөгө муктаждарга дагы ушундай эле өлчөмдө каржылык берилди. Кулунду айыл аймагындагы Максат жана Интернационал айылында жабыр тарткан айылдардын 90 пайыз тургундары, Жаңы-Жер айыл аймагындагы айылдардан 50 пайызы кайра кайтып келишти. Ал эми калган жашоочулар Бишкекте жана башка шаарларда туугандарыныкында жашап турушат. 66 мектепте баарында окуу процесси жүрүп жатат. Бир эле Максат айылында Максат орто мектебинде онлайн режиминде сабактар өтүлүүдө.
— Каргашалуу бул окуя айыл чарба жумуштарына да өзүнүн терс таасирин тийгизсе керек?
— Кулунду, Жаңы-Жер айыл аймагы районубуздун ылдыйкы бөлүгүндө жайгашкандыктан, кылкандуу дан эгиндерин оруп жыйноо иштери аяктаган болчу. Бирок, ошого карабастан, мындай кырдаал күздүк эгиндерин себүүдө өзүнүн таасирин тийгизди. Элибиздин эмгекчилдигинен, мекенчилдигинен айланса болот. Бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарышып, биримдик менен бардык кыйынчылыкты жеңишүүдө. Салыкты 100 пайыздан ашык аткардык. Бардык тармактар өз нугу менен иш алып барышууда. Биздин көп убактыбыз калыбына келтирүү иштери менен өтүүдө. Өзүм баш болуп, тийиштүү мекемелердин жетекчилери Арка өрөөнүндө, Кулундуда болобуз. Штаб иштеп жатат. Кандай болгон учурда да жабыр тарткан элибиздин турак үйлөрүн бүткөрүп беришиибиз керек.
— Бирок ошого карабастан, курулуш иштери жай жүрүп жатат деген пикирлер да айтылууда…
— Курулуш акырын жүрүүдө деген сөздүн чындыгы бар. Чынында жайыраак жүрүүдө. Негизи курулуш материалдары, цемент, кирпич баары эле бар. Болгону кыш мезгилиндеги аба-ырайы ишти артка тартууда. Алдыда күн жылыйт деген божомолдор бар, ошол он-он беш күндө максималдуу пайдаланып, үйлөрдүн үстүн жаап алсак, калган ички оңдоп-түзөө, жасалгалоо иштери жүрө берет эле.
— Өзүңүз айткандай эки жолу кыйын кырдаалды башынан кечирген элдин маанайы кандай? Башка жакка жер которобуз деген ойлору жокпу?
— Мен андай сөздү укпаптырмын. Тескерисинче бир сантиметр дагы жерди бербейбиз. Бул жерде биздин ата-бабалардын киндик каны тамган. Бизге чек араны тезирээк чечип берсеңер, өрөөндү өнүктүрөлү, СЭЗ ди ишке киргизели. Завод-фабрика куралы дешкен демилгелерин айтышат.
— Жолдун ар жагы тажиктер. Буга чейин той-мааракелерде бирге болгон эл менен жолугушуулар, учурашуулар болуп турабы?
— Союз учурунан бери эле бир көчө бөлүп турган карапайым кыргыз-тажик элдери ынтымакта жашашкан. Жаңжалдан кийин дагы, жаңжалга чейин дагы аксакалдарды жолугуштуралы деген сунуштарды айтышты. Жаңы эле жакын туугандарын жоготушкан элибиздин көңүлү ооруп турат. Убакыт керек дедик. Биздин тонолуп кеткен мал-мүлкүбүздү, авто унааларыбызды кайтарып бергиле дедик. Эми алар дагы кайтарып беребиз деген. Ойлонуп жатышат.
— Буюрса, Президент айткандай жаңы жылга чейин чек ара маселеси чечилип калаар. Эми Арка өрөөнүнүн келечегин кандай карайсыз?
— Лейлек району Тажикстандын 6 району менен чектешет. Мен ошол райондордун баарынын акимдери менен күн алыс сүйлөшүп турам. Бизде Максат, Майты аймагындагы бир аз маселелерди эске албаганда 63 пайызга чечилген. Жакында Камчыбек Кыдыршаевичтин жетекчилиги менен Душанбеге барып, чек ара боюнча тажик тарап менен сүйлөшүүлөрдө болдум. Өзгөрүү бар, чек ара маселесин тездетели деген коңушулардын ой-пикирлеринде да мурдагыдай эмес, позитивдүү өзгөрүүлөр бар экендигин байкалды. Ал эми Арка өрөөнүнүн потенциалы өтө чоң. Менделеевдин системасындагы бардык элементтер бар. Лейлекке кызыккан инвесторлор өтө көп. Аэропорт, Саркент деген ири долбоорлор түрк өнөктөштөр тарабынан ишке ашырылышы күтүлүүдө. Сентябрь айында иш башталмак, аэропортко дагы кошумча 268 гектар жер бөлүп, Эл Аралык статус алып берүү кадамдары башталган болчу. Экинчиден айыл чарба багытындагы Саркент долбоору бул дагы чоң долбоор. Инвесторлор сууну чыгарып, төрт ГЭС куруп, кеткен акчасын өзүбүз чыгарып алалы деген сунуштарын айтышууда. Эгерде бул максаттар ишке ашса 16 000 гектар жер ишке ашып, Сүлүктүнү да суу менен камсыз кылмакпыз. Болгону күтүүсүз болгон окуялар терс таасирин тийгизди.
— Баткен облусуна өзгөчө макам берилди. Анын алкагында жыл сайын өнүктүрүү программасын ишке ашырууга 500 млн. сом бөлүнмөй болду. Негизи эле жакынкы аралыкта Лейлекте кандай долбоорлор ишке ашканы турат?
— Азыр ошол 500 млн. сомдон Лейлек районуна 125 млн. сом бөлүнгөнү турат. Биз муну ирригация тармагына өнүктүрүүгө жумшайбыз деп турабыз. Суунун башында турганыбыз менен анын көп бөлүгүн пайдаланбай калат экенбиз. 10 долбоор өткөн. Тогуз-Булак айыл аймагына 30 млн.сом, Сумбула айыл аймагына 12 млн.сом, Жаңы-Жер айыл өкмөтүнө 13 млн.сом тигүү цехин ачабыз. Мындан тышкары Катраң айылына соода борборуна 10 млн.сом Раззаков айыл аймагына сүт азыктарын иштетүүчү чакан заводду курабыз. Булардын бардыгы муниципиалдык менчиктер болот.
— Айтмакчы Президент буга чейин да Баткен облусуна анын ичинде Лейлекке өзгөчө көңүл буруп келет. Кулундулуктардын өтүнүчү боюнча Кулунду каналын кеңейтүүгө да каражат бөлгөнү эсимде? 
— Туура, ПРезиденттин колдоосу менен Кулунду каналы кеңейтилди. Мурда каналдын акырында жайгашкан Ак-Арык айылынын тургундары жазында агын суу жетпей жай боюу суу талаш жаңжалы менен өтүшчү. Же эгин эге албай, же таза суу жетпей азап чегип келишкен. Быйыл андай болгон жок. Президенттин колдоосу менен канал кеңейтилип, тазаланды. Бул ишти дагы толук аягына чыгарууга каргашалуу окуянын терс таасирин тийип, убактылуу токтоп калган жумуштар каңра жандандырылды. Азыр каналды кеңейтүү иштери жүрүүдө. Максаттар ишке ашса Майтыга чейин суу алып өтүүгө мүмкүнчүлүктөр түзүлөт.
— Жолду баскан билет дегендей биз азыр Ош-Баткен-Раззаков жолу аркылуу келдик. Лейлекке чейин жол укмуш экен. Мындай жолдор Бишкекте да жок?
— Альтернативдүү жолдорду куруу үчүн 135 чакырымдык жолду планга киргизгенбиз. Министрлер Кабинетине, жол миниистрлигине рахмат. Өзүңүздөр күбө болгондой биздин негизги жолдор эле эмес, айыл аралыктагы жолдор дагы жакшы бүтүп жатат. Ага удаа жаңыдан пайдаланууга берилген курулуш имараттары, мектептер, балдар бакчалары бар. Жакында эле Исхак Раззаковдун жаңы айкелин тургузуп, шаардын негизги аянтын асфалттадык. Эс алуу паркы жаңыланды. Айтор, өнүгүү өз нугу менен жүрүп жатат. Президенттин Баткен облусуна берген жеңилдиктери, каражаттары менен буюрса дагы көп иштерди жасайбыз.
— Мамлекеттик камсыздандыруу деген дагы программа бар. Мындай дегеним өзүңүз айткандай Лейлек Тажикстандын 6 район шаарлары менен чектешет. Эки жыл катары менен чыккан жаңжалдарды эске албаганда деле жыл сайын жаз айында болгон табигый кырсыктардан көп үйлөр жабыркап жатпайбы?
— Бизге план коюлган. 2736 үйдү биз майга чейин эле камсыздандыруу иштерин бүткөргөнбүз. Ага дагы 30 пайыз Министрлер Кабинетинин тапшырмасы менен кошулуп, анын үстүндө да иштеп жатабыз. Өзгөчө чек арадагы үйлөрдү бекер камсыздап берели деп толук бүтүрдүк. Буга кошумча жакыр үй-бүлөлөрдүн жана сел келүү коопсуздугу бар үйлөрдү камсыздандыруу иштерин бүткөрүп жатабыз. Бул үчүн демөөрчүлөрдү таап, компаниялардын эсебинен ишти ойдогудай алга жылдырып жатабыз.
Булак: «Баткен таңы» газетасы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button