Кылмыш-кырсык

Кадамжай районунда мурда соттолгон жарандын үйүнөн “апийим” баңгизаты табылды

Баткен ОИИБдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын ыкчам кызматкерлери алдын ала түшкөн ыкчам маалыматтын негизинде, Кадамжай районунун Полотхан айыл аймагынын 48 жаштагы тургуну Д.Т. жашаган үйгө кызматтык иттин жардамы менен тинтүү жүргүзүшүп, анын короосунан скочтолгон 508 грамм салмактагы өзгөчө жыты бар затты табышкан.


Бул факты Баткен ОИИБдин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш иши козголгон. Анын негизинде алынган затка тиешелүү экспертизалар дайындалып, анын корутундусуна ылайык, «апийим» баңгизаты экендиги аныкталды.
Азыркы учурда кармалган жаран убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.
Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button