Кыргызстанда «Салык төлөөчүнүн паспорту» долбоору ишке кирди
Мамлекеттик салык кызматы «Ишкерлердин жайгашуусунун электрондук картасы» долбоорун ишке ашыруунун алкагында экинчи этап – «Салык төлөөчүнүн паспорту (QR-код)» долбоорун ишке киргизди. Бул тууралуу салык кызматынан билдиришти.
«Салык төлөөчүнүн паспорту» – бул салыктык сыр болуп саналбаган жана QR-коддо камтылган ишкердик субъектинин маалыматтык картасы.
«Паспорт аймактык салык органдарынын кызматкерлери тарабынан экономикалык иш жүргүзүлүп жаткан ар бир соода объектисинде, жалпыга жеткиликтүү жерде, мисалы, кире бериште, витринада же кассада жайгаштырылат», — деп айтылат маалыматта.
«Салык төлөөчүнүн паспортунда» жайгашкан QR-кодун смартфондон сканерден өткөрүү менен төмөнкү маалыматтарды алууга болот:
- салык төлөөчүнүн реквизиттери жөнүндө (салык төлөөчүнүн аталышы же аты-жөнү),
- ИСН жана контролдук-кассалык машинанын болушу,
- жооптуу салык инспекторунун байланыш маалыматтары.
Ишкер менен керектөөчүнүн ортосунда талаш маселелер пайда болгон учурда, салык кызматынын компетенциясынын чегинде иштерди жөнгө салуу үчүн жооптуу салык инспектору менен түздөн-түз байланышса болот.
«Салык төлөөчүнүн паспорту» калк тарабынан ишкерлердин ишмердигин контролдоону күчөтөт жана ошону менен керектөөчүлөрдүн укуктарын коргойт», — деп белгиленди билдирүүдө.