Коом

КРнын экономикасына 20 млн сом салган инвестор 10 жылга виза ала алат

21-декабрда Жогорку Кеңеште инвесторлорго КРга виза алуу мүмкүнчүлүгүн берүү боюнча мыйзам экинчи окууда каралып, кабыл алынган. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Мыйзам долбоорунда инвестиция үчүн КРда жүргөн чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн инвестициялык визанын жарактуулугун белгилөө сунушталууда.

Экономикага же бюджетке 10 млн сомдон кем эмес инвестиция салганда чет элдик жаран же жарандыгы жок адам беш жылга виза алууга укуктуу. 20 млн сомдон кем эмес инвестиция менен – ​​10 жылга виза алуу укугу берилет.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button