Коом

«Гүльнара Дербишева кыргыз айымдарынын катарындагы мыктынын мыктысы»

Кыздары кыйын кыргыздын!

Дербишева Гүльнара Толубаевна, Баткен облусундагы жарандык коомдун өнүгүүсүнө эбегейсиз салым кошкон айым. 1999-жылы «Бабушка Эдопшн» коомдук кайрымдуулук фондунун Баткендеги филиалын уюштуруп, 200дөн ашуун камкордукка муктаж карыяларга пенсияларынан тышкары чет элдик жеке демөөрчүлөрдүн эсебинен 10 евродон акчалай жардам көрсөтүп келүүдө.

Учурда «Инсан-Лейлек» коомдук фондун негиздеп, 50дөн ашык долбоорлоду ишке ашырган. Лейлек гилемин дүйнөлүк алкакка тааныткан бул айым майыптыгы бар жаштарга да демөөрчү болуп, бир катар соопчулук иштерди жасаган. Кыргызстандык миңдеген мигранттардын укугун коргоо максатында «Мигранттардын Профсоюз» уюмун негиздеди.

14-17-сентябрдагы агрессиялык баскынчылыктан жабыркагандарга 1 млн. сомго жакын гуманитардык жардамдарды көрсөттү. Жогорку Кеңештин 4 чакырылышынын депутаты, Миграция, эмгек, социалдык саясат жана Саламаттыкты сактоо министринин мүчөсү болгон. 2011-2012-жылдары КРнын Социалдык өнүгүү министрнин орун басары болуп иштеген.

КРнын «Ардак Грамота» сынын ээси, Нобельдин тынчтык үчүн 100 аял тизмесине кирген Гулнара Толубаевна кыргыз айымдарынын катарындагы мыктынын мыктысы десек болот.

Булак:» Баткен таны» газетасы.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button