Коом

Тажикстандын кол салуусу. Жабыркагандардын 31,4 млн сомдук насыялары жоюлду

Улуттук банк Тажикстандын Кыргызстанга куралдуу кол салуусунан жабыркаган Баткен жана Ош облустарындагы насыя алуучуларга колдоо көрсөтүү боюнча финансы-кредиттик уюмдар тарабынан көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө айтып берди.

2022-жылдын 30-декабрына карата абал боюнча финансы-кредиттик уюмдарга 514 карыз алуучу кайрылган, 31 млн 480 миң сом суммасында 366 кредит жоюлган, 63 млн 683 миң сом суммасында 224 кредит реструктуризацияланган.

Эске салсак, 2022-жылдын 14-17-сентябрында Тажикстан Кыргызстандын аймагын басып алуу максатында Баткен облусунун жана Ош облусунун Чоң-Алай районунун чек ара заставаларына жана калктуу конуштарына куралдуу кол салган.

Тажикстандын куралдуу кол салуусунун кесепетинен, КР Саламаттык сактоо министрлигинин акыркы маалыматтары боюнча, 63 адам курман болуп, 198 адам жабыркаган. Ошондой эле турак жайлар, социалдык объектилер талкаланган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button