КоомКылмыш-кырсык

Алмазбек Исманкуловго жемкорлук беренеси менен кылмыш иши козголду

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө “Көз микрохирургия” госпиталынын жетекчиси А.Исманкулов менен Бишкек шаардык мэриясынын түзүмдүк бөлүктөрүнүн бир нече жооптуу кызмат адамдары материалдык кызыкчылыктарды жана башка артыкчылыктарды мыйзамсыз алуу максатында кылмыштуу аракеттерге барышкандыгы аныкталды.Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.
Тактап айтканда, Бишкек шаарынын №6 клиникалык ооруканасынын 2-корпусунун имараты жеке жактарга ижарага берилүүгө жатпагандыгына жана ооруканаларда орундардын кескин жетишсиздигине карабастан, ижара акыларын атайылап азайтуу менен мыйзамсыз ижарага беришип, мамлекетке 93 млн 162 миң 576 сом материалдык зыян келтирилгендиги аныкталган.
Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (коррупция) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button