Кыргыз Республикасынын эл акыны, маданиятка эмгек сиңирген ишмер Тазагүл Закированын “Акынга мекен керек” аттуу ырлар жыйнагынын бет ачары өттү.

 

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чарага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, маданият министри Алтынбек Максутов, Жогорку Кеңештин депутаттары, көрүнүктүү коомдук-саясий ишмерлер жана ыр күйөрмандары катышты.

Сөз алып сүйлөгөндөр Тазагүл Закированын көп кырдуу талантына токтолушуп, ал 70 жаш курактан ашып калса да, коомдук иштерге активдүү, чыгармачылыкка чыйрак мамиле кыларын баса белгилешти.

Кеченин жүрүшүндө акындын китептери белекке берилип, ырлары көркөм окулуп, обондуу ырларын белгилүү ырчылар тарабынан аткарылды.

Тазагүл Закирова 1948-жылы 20-июнда Ош облусунун (азыркы Жалал-Абад облусу), Сузак районунун Кызыл-Суу айылында мугалимдердин үй-бүлөсүндө туулган. Жогорку билимдүү, 20 жыл КПССтин мүчөсү (СССР жоюлганга чейин) болгон, Сузак райондук аткаруу комитетинде бөлүм башчы, радиодо редактор, Ош облустук маданият башкармасында кадрлар боюнча улуу инспектор жана бириккен партиялык уюмдун катчысы кызматында, Ош облустук жазуучулар союзунда жооптуу катчы, төрайымы ж.б. кызматтарда иштеген.