Спорт

Акжол Махмудов эл аралык мелдеште алтын байге багындырды

Акжол Махмудов Болгариядагы Dan Kolov-Nikola Petrov рейтингдик эл аралык мелдеште алтын медаль утту.

Махмудов грек-рим күрөшү боюнча 77 кг салмакта мелдештин 1/16 финалынан баштап катышты. Ал чет өлкөлүк төрт балбанды жеңип финалга чыкты. Финалда армениялык спортчуну 1:1 (ред.: акыркы упайды алган балбан жеңет) эсебинде утуп, алтын медаль багындырды.

Эскерте кетсек, буга чейин Жоламан Шаршенбеков (60 кг) дагы мелдештин алтын байгесин багындырган.

Спорттук иш-чара 2-5-март күндөрү София шаарында өтүүдө.

Мелдешке Кыргызстандын атынан төрт балбан аттанган:

1. Жоламан Шаршенбеков (60 кг);
2. Амантур Исмаилов (67 кг);
3. Акжол Махмудов (77 кг);
4. Үзүр Жусупбеков (97 кг).

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button