Спорт

Бишкекте Шопоковдун элесине арналган бокс боюнча эл аралык турнир өтөт

Бишкекте бокс боюнча эл аралык турнир өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен маалымдады.
Билдирүүгө караганда, турнир Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында болот, ал 21-мартта башталып 25-мартка чейин уланат. Эл аралык мелдеш Советтер Союзунун Баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун элесине арналмакчы.
«Турнирге Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Беларусь жана Кореянын мушкерлери катышат. Максаты — бокс боюнча улуттук курама команданын резервине спортчуларды караштыруу, Улуттук бокс федерациясы менен турнирге катыша турган өлкөлөрдүн спорттун бул түрү боюнча уюмдарынын ортосунда байланыш түзүү, достук мамиледе болуу», — деп айтылат маалыматта.
Анда белгиленгендей, турнир эркектер арасында 13 салмак категориясында, тактап айтканда, 46 килограмм салмактан баштап 92 килограммга чейинкилер арасында өтөт. Ал эми кыздар 47-51, 57-60 жана 69-75 килограмм салмак категориясы боюнча күч сынашат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button