Саясат

Борбор Азия лидерлери кыргыз элин жана президент Жапаровду Нооруз майрамы менен куттуктады

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Өзбекстандын мамлекет башчысы Шавкат Мирзиёев Кыргызстандын элин жана президент Садыр Жапаровду Нооруз майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин куттуктоосу: 

«Биздин боордош элдерибиз эзелтеден бери келе жаткан бул майрамды ынтымак менен биримдиктин салтанаты, жан аябас жакшылыктын жана бакыттын элеси катары өзгөчө жылуу маанай менен тосуп алат. Нооруздун жаркын күндөрү бизге жылуулук тартуулап, ынтымактуу мамлекеттерибизге бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүү тартууласын.

Биргелешкен күч-аракеттердин аркасы менен бекем достукка жана ынак коңшулукка негизделген казак-кыргыз стратегиялык өнөктөштүгү жана союздаштыгы жакын элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн мындан ары да динамикалуу өнүгө берерине ишенем.

Нооруз ар бир үйгө ырыскы, гүлдөп өнүгүү алып келсин!” — деп айтылат Казакстандын Президентинин куттуктоосунда.

Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровго Кыргызстандын жаркын келечеги жана гүлдөп-өнүгүшү үчүн бардык жакшы иштерде чоң ийгиликтерди, ал эми Кыргызстан элине бакыт жана бакубатчылык каалады.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин куттуктоосу: 

«Тарыхы, маданияты, тили жана дини бир боордош элдерибиз адамдарды руханий жактан бириктирген, жүрөктөрүндө улуу сапаттарды ойготкон, гумандуулук, боорукердик идеяларын камтыган Нооруз майрамын кылымдар бою чыдамсыздык менен күтүп, кубаныч менен белгилеп келет.

Биздин дос өлкөлөрүбүздүн ортосунда бардык деңгээлде жетишилген макулдашууларды иш жүзүндө ишке ашыруу — өзбек жана кыргыз элдеринин жалпы жыргалчылыгын камсыз кылуу үчүн бекем пайдубал болуп кызмат кылып жатканы бизди чексиз кубандырат.

Биздин бекем саясий эркибиздин аркасы менен ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк маанайындагы өзбек-кыргыз мамилелери мындан ары да ырааттуу өнүгө берет деп ишенем», — деп айтылат Өзбекстандын Президентинин куттуктоосунда.

Шавкат Мирзиёев Садыр Жапаровго чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана жооптуу мамлекеттик ишмердигинде жаңы жеңиштерди, ал эми көп улуттуу кыргыз элине тынчтык жана прогресс каалады.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button