Спорт

Волейбол боюнча CAVA кубогунда Кыргызстан экинчи орунду ээледи

Кыргызстан волейбол боюнча курама командасы Борбор азиялык волейбол ассоциациясынын (CAVA) Улуттар кубогунда экинчи орунду ээледи.

Турнир Чолпон-Ата шаарында 18-июндан 25-июнга чейин өткөн. Ага Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Иран, Монголия жана Непал командалары катышты. Жетинчи болуп Кыргызстандын жаштар командасы катталган.

Бардык турлардын жыйынтыгы менен кыргызстандык команда күмүш медаль тагынды, финалда Иран волейболчуларына 1:3 эсеби менен утулуп калган. Белгилей кетсек, Иран командасынын курамын жаш оюнчулар түздү.

Турнирдин жыйынтыгы:

Иран — биринчи орун;

Кыргызстан — экинчи орун;

Монголия — үчүнчү;

Өзбекстан — төртүнчү;

Түркмөнстан — бешинчи;

Кыргызстан (жаштар) — алтынчы;

Непал — жетинчи орун.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button