Коом
12-июлга карата аба ырайы
Бүгүн республиканын аймагында жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +34…+39, Талас аймагында +33…+38, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +35…+40, Ысык-Көл чөлкөмүндө жана Нарын жергесинде +25…+30 градус болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +36…+38, Ош калаасында +37…+39, Чолпон-Ата шаарында +27…+29 градус болот.