Коом

Чүйдүн Мраморное айылында 5 миң калкты тейлөөчү ФАП курулууда

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Ала-Арча айыл өкмөтүнүн Мраморное айылында фельдшердик-акушердик пункттун (ФАП) имаратынын курулушу башталды.

Президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, облус башчысы Канат Жумагазиев жаңы ФАПтын пайдубалына мезгил кутусун салды.

«Президенттин талабына ылайык, айыл жергесинде жашаган жарандарга медициналык тейлөө жана камкордук көрүүнү жакшыртуу максатында социалдык объектилердин курулушу улантылууда. Ошентип, Мраморное айылынан 1,5 гектар жер бөлүнүп, бүгүнкү күндө бул жерде жалпы баасы 19 млн сомдук эки кабаттуу ФАПтын курулушу башталып, иш 100% жергиликтүү бюджеттен каржыланат .Фельдшердик-акушердик пункттун аянты 295,1 чарчы метр, 8 бөлмөлүү, күтүү залы бар. Бул ФАП заманбап жабдыктар менен жабдылып, 5 миңге чейин калкты тейлөөгө ылайыкталган”, — деди Канат Жумагазиев.

Анын айтымында, учурда Чүй облусунда 188 акушердик пункт жана 92 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу бар. Анын ичинен 24 ФАП, 15 ҮДТ Аламүдүн районунда.

Канат Жумагазиев бюджетти 58 млн сомго жеткирүүгө умтулган Ала-Арча айыл өкмөтүнүн аппаратына ыраазычылык билдирип, Мраморное айылынын тургундарына чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт каалап, ФАПтын курулушу айыл элинин кызыкчылыгына кызмат кылсын деген тилегин айтты.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button