Спорт

Белбоо күрөшү боюнча курама команда дүйнө чемпионатында 13 медаль жеңди

Кыргызстандын белбоо күрөшү боюнча курама командасынын мүчөлөрү Казакстандын Астана шаарында өткөн дүйнө чемпионатында 4 алтын, 1 күмүш жана 8 коло медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Кыз-келиндер арасында эркин түрү боюнча +76 кг салмак категориясында Айжан Анарбекова коло медалга ээ болду.

Эркектер арасында эркин түрү боюнча 62 кг чейинки салмакта Толубай Шүкүров, 90 кг чейинки салмакта Бектуркан Кожомуратов жана 100 кг чейинки салмак категориясында Баястан Идирисов алтын медаль тагынышты.

Ал эми 82 кг чейинки салмакта Мадаминбек Шаршеналы күмүш медалга ээ болду.

Ошондой эле, 68 кг чейинки салмакта Мирлан Омоналы уулу, 75 кг чейинки салмак категориясында Айболот Аманов, 90 кг чейинки салмакта Болотбек Туратов жана +100 кг салмакта Бактияр Мирлан уулу күмүш медалга ээ болушту.

Эркектер арасында классикалык түрү боюнча +100 кг салмакта Бактияр Мирлан уулу алтын медаль тагынды.

Ошондой эле 57 кг чейинки салмакта Нурислам Алимбеков, 75 кг чейинки салмак категориясында Айболот Аманов жана 82 кг чейинки салмакта Манас Үсөнов коло медалга ээ болушту.

Белгилей кетсек, мелдеш 14-16-июль күндөрү өтүп, курама команда машыктыруучулар Тамчы Эсенбек уулу, Нурбек Кожобеков жана Жеңишбек Токтоназаровдун жетекчилиги алдында мелдешке катышты.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button