Спорт

Бильярдчы Азиз Мадаминов Россияда өткөн эл аралык мелдеште 2-орунду камсыздады

Россияда өткөн бильярд боюнча эл аралык мелдеште кыргызстандык бильярдчы Азиз Мадаминов экинчи орунга ээ болду. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 30-июлда Екатеринбург шаарында бильярд боюнча «Екатеринбург башчысынын кубогу» эл аралык мелдеши аяктады.

Чемпионатка Кыргызстан, Россия, Казакстан, Өзбекстан жана Молдовадан динамикалык пирамида боюнча 63 чебер катышты.

Кыргызстандык бильярдчы Азиз Мадаминов финалда орусиялык Максим Зверевге 4:6 эсебинде утулуп, экинчи орунга ээ болду. Ал күмүш медаль жана акчалай сыйлык менен сыйланды.

Мелдештин негизги байге фонду 2,8 миллион рублди түздү.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button