Маданият

Бишкекте КМШ жаштары акысыз концерт тартуулайт

12-сентябрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында КМШнын Жаштар симфониялык оркестринин концерти өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, концерт КМШга мүчө-мамлекеттердин чыгармачыл жана илимий интеллигенциясынын XVI форумунун алкагында уюштурулат.

КМШнын Жаштар симфониялык оркестри Гуманитардык кызматташтык кеңешинин жана КМШга мүчө-өлкөлөрдүн Мамлекеттер аралык гуманитардык кызматташтык фонду тарабынан түзүлгөн.

«Оркестрдин курамы КМШ жана Грузия өлкөлөрүнүн таланттуу жаш музыканттарынан, абройлуу шоу-сынактардын жеңүүчүлөрүнөн турат», — дешти министрликтен.

Маалыматта концерт акысыз коюлары кошумчаланган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button