Спорт

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы Омандын командасын жеңди

Бүгүн Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Омандын командасы менен беттешти.

Оюн 2026-жылдагы дүйнө чемпионатына тандап алуу оюндарынын алкагында Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өттү.

 

Биринчи тайм 0:0 менен аяктады, экинчи таймдын башында Кыргызстан эсепти ачты. Жалгыз голду Одилжон Абдурахманов киргизди.

Ошентип оюн 1:0 эсебинде «Ак шумкарлардын» жеңиши менен аяктады.

«Ак шумкарлардын» оюнуна президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев күйөрмандык кылды.

Кыргызстан – Оман беттешине ФИФА калысы Муд Бонядифард жетекчилиги алдындагы Ирандын арбитрлер бригадасы калыстык кылды. Башкы калыска Саед Гасеми жана Алиреза Илдором жардам беришсе, Каземи Сейдвахид резервдик арбитрдин милдетин аткарды.

Белгилей кетсек, бул «Ак шумкарлардын» тайпадагы экинчи беттеши.

16-ноябрда Кыргызстандын улуттук курама командасы Малайзиянын курамасы менен кез келип, 4:3 эсебинде жеңилип калган. Оюн Куала-Лумпур шаарындагы «Букит Жалил» стадионунда өткөн.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button