Кылмыш-кырсык

УКМК: Чүйдө мыйзамсыз курал-жарак жана ок-дарыларды сактаган жаран кармалды. Видео

КР УКМК тарабынан экстремизмге каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө А.Д. аттуу жарандын деструктивдүү аракеттерине бөгөт коюлду.

Бул тууралуу УКМКнын Басма сөз борборунан билдиришти.

КР Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесинин 2-бөлүгүндө (“Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү”)  каралган кылмыштын негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында Кыргыз Республикасынын А.Д. аттуу жаранынын жашаган жеринде жүргүзүлгөн тинтүү иш-чараларынын жыйынтыгында Симонов системасындагы ок-дарылары (7,62 мм.) менен  карабин,  Калашников автоматын (5,45 мм) патрондору  жана 9 мм калибрдеги тапанчанын патрондору табылып, алынды.

Ошондой эле атайын жабдыктар (рация, сигналдык тапанча), атайын жабдуулардын комплекттери (аскердик жүк түшүрүүчү жилет, бет кап, коргоочу каскалар), РГД-5 үлгүсүндөгү жасалма граната жана колго жасалган жардыргыч түзүлүштүн тетиктери табылган.

Табылган жана алынган материалдар боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, ыкчам-иликтөө иш-чаралары уланууда.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button