Коом

Бишкекте 15-январдан баштап коомдук транспортто жол кире акысы көтөрүлөт

Бишкекте 2024-жылдын 15-январынан тарта коомдук транспортто жол кире акысы көтөрүлөт. Тиешелүү токтомдун долбоору бүгүн Бишкек шаардык кеңешинин отурумунда каралып, колдоо тапты.

Ага ылайык, накталай төлөм менен жол кире 20 сом, “Тулпар” картасы менен 17 сом болот. Ал эми MegaPay электрондук капчыгы менен жол акысын төлөө мурдагыдай эле 11 сом болот.

Маршруткаларда болсо төлөм 20 сомду түзөт.

Жаңы тарифтер токтом расмий жарыялангандан кийин 15 күндөн соң күчүнө кирет.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button