Коом

УКМК: Микрокредиттик, микрофинансылык уюмдардын жана күрөөканалардын үстөк пайызын төмөндөтүү боюнча масштабдуу иш-чара өткөрүлдү

Калктын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу максатында КР УКМК тарабынан микрокредиттик, микрофинансылык уюмдардын жана күрөөканалардын пайыздык ченемдерин төмөндөтүү боюнча масштабдуу иш-чаралар жүргүзүлдү.

Бул иштин алкагында кээ бир аффилиацияланган юридикалык жактардын тобу (МКК, МФК жана күрөөкана) тарабынан “скоринг” деп аталган жол менен ашыкча пайда алуунун туруктуу схемасы түзүлүп, анын натыйжасында кредиттер боюнча реалдуу пайыздар жылына 300ге жеткени аныкталды.
2023-жылдын 29-декабрында көрүлгөн чаралар менен жогоруда аталган аффилиацияланган компаниялардын өкүлү “А.Э.З.” бул схема карыз алуучулардын эсебинен ашыкча пайда алууга мүмкүндүк берерин мойнуна алды, ага ылайык, компенсация катары мамлекеттин эсебине 90 миллион сом түштү.
Учурда Мамкомитет тарабынан бул багытта иш уланып, ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу боюнча чаралар көрүлүүдө.
УКМКнын демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу финансы рынокту жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы “Күрөөканалардын иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбооруна бир катар кошумча өзгөртүүлөрдү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин экинчи окуусуна алып кирүү милдетин алды.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети “Сүткорлук ишти чектөө жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү” тууралуу мыйзам долбоорун кароо боюнча Жогорку Кеңештин Аппаратынын, КР Улуттук банкынын, КР Банктар ассоциациясынын жана КР УКМКнын өкүлдөрүнөн турган ведомстволор аралык жумушчу топ түзүү демилгесин көтөрүүдө.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button