Спорт

Айсулуу Тыныбекова баштаган үч балбан кыз Хорватиядагы турнирге катышат

Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Хорватиянын Загреб шаарында өтө турган ZAGREB OPEN биринчи рейтингдик мелдешине катышат. Бул туурасында Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.
Турнир 10-14-январь күндөрү өтөт. Ага Айсулуу Тыныбекова, Нурзат Нуртаева жана Айпери Медет кызы катышат. Алар башкы машыктыруучу Нурбек Изабековдун жетекчилиги астында килемге чыгат.
Спортчулар аталган беттештен кийин 15-22-январь күндөрү Венгриянын Тата шаарында эл аралык окуу-машыгуу жыйынына катышат. Буга Калмира Билимбек кызы да кошулат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button