“2023-жылдын 27-январында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргызстандын Министрлер Кабинети менен Өзбекстан Өкмөтүнүн ортосундагы өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу жаатындагы кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамына кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “2023-жылдын 27-январында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу жаатындагы кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Аталган Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2023-жылдын 29-ноябрында кабыл алынган.
Мыйзамдын максаты жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу болуп саналат.

Жогоруда аталган Макулдашуу өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу, табигый кырсыктардын коркунучун азайтуу, мүмкүн болуучу өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты камсыз кылуу жана чара көрүү, ошондой эле табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуда өз ара жардам көрсөтүүгө багытталган.

Макулдашуу өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу боюнча маселелерди биргеликте ыкчам чечүүгө, тажрыйба, маалымат жана технологияларды алмашууга, ошондой эле эки мамлекеттин окуу жайларында өзгөчө кырдаалдарды башкаруу чөйрөсүндөгү адистерди даярдоого жана Кыргызстан менен Өзбекстан элдеринин жыргалчылыгы үчүн калкты жана аймактарды табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардан коргоо жаатындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга, биргелешкен иш-чараларды, өз ара такшалмаларды, окууларды жана машыгууларды өткөрүүгө мүмкүндүк берет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.