Коом

Улан Ниязбеков Астанада Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын ички иштер министрлеринин биргелешкен жыйынына катышты

2024-жылды 26-январында Астана шаарында Кыргыз Республикасынын ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбековдун, Казакстан Республикасынын ички иштер министринин милициянын генерал-лейтенанты Ержан Саденовдун жана Өзбекстан Республикасынын ички иштер министри генерал-лейтенанты Пулат Бобожоновдун үч тараптуу жыйыны болуп өттү.


Ошондой эле отурумга Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан ИИМдин борбордук аппараттарынын кызматтарынын жетекчилери катышты.
Жыйын Борбордук Азия өлкөлөрүнүн калкынын бакубаттуулугу үчүн аймактык кызматташтыкты түзүүгө, достук жана коңшулук мамилелерди жаңылоого жана активдештирүүгө багытталган милдеттерди ишке ашыруу максатында өткөрүлдү.
Кыргызстандын ички иштер министри Улан Ниязбеков өз сөзүндө мамлекеттин туруктуулугун жана коомдун биримдигин сактоо — ар бир өлкөнүн башкы милдети, ал эми мамлекеттин коопсуздугу — анын аймактагы ийгиликтүү өнүгүүсүнүн жана туруктуулугунун өбөлгөсү экенин белгиледи.
“Бир гана мамлекеттин күчү менен кылмыштуулукка каршы натыйжалуу күрөш жүргүзүү мүмкүн эместигин баарыбыз түшүнөбүз, анткени анын дээрлик бардык көрүнүштөрү трансулуттук мүнөзгө ээ жана жалпы чара көрүүнү талап кылат. Ошондуктан чек арага жакын аймактары бар коңшулардын ортосундагы биргелешкен аракеттердин жана өз ара ишенимдин макулдашуусу аймактагы туруктуулукту жана коопсуздукту камсыз кылуунун башкы шарты болуп саналат.”- деди Улан Ниязбеков.
Сөзүнүн аягында Кыргызстандын ички иштер министри тийиштүү ведомстволорго кылмыштардын аталган түрлөрү боюнча активдүү жана тыгыз өз ара аракеттенүүнү, өзгөчө ыкчам маалымат алмашуу, биргелешкен иш пландарына таянуу менен тапшырма берүүнү сунуштады.
Жыйындын жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын Ички иштер министрликтеринин кылмыштуулукка каршы күрөшүүдөгү аймактык кызматташтыгынын потенциалын жогорулатуу боюнча маселелерди талкуулашты.
Болуп өткөн талкуулардын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын Ички иштер министрлери ведомстволор ортосунда кылмыштуулуктун абалы жөнүндө ыкчам, статистикалык жана башка маалыматтарды алмашууну активдештирүүнү, туруктуу негизде маалымат алмашууну уюштурууну максатка ылайык деп табышты.
Жолугушуунун жыйынтыгында Борбордук Азия мамлекеттеринин Ички иштер министрликтеринин (Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан) жыйынынын биргелешкен протоколуна кол коюлду.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button