Коом
Камчыбек Ташиев: «Коррупционерлерге, бандиттерге мындан ары да өтө катаал чараларды көрөбүз»
Бүгүн, 27-январда Ош облусунун Кара-Суу шаарына Министрлер
кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев
келди.
Камчыбек Ташиев З.Бабур атындагы мектептин короосунда Кара-Суу
районундагы базарлардын соодагерлери менен жолугушту.
«Өзүңүздөр жакшы билесиздер, биз азыр мамлекетибизде тартипти коюп келе
жатабыз. Бардык базарларда, айрыкча силерге тиешелүү нерселерди гана
айтайын. Бишкекте, башка шаарлардагы базарларда тартип коюп келе жатабыз.
Эч ким эч кимге «давление» кылбайт. Айрыкча жөнөкөй адамдар. Ал эми
коррупционерлерге, бандиттерге мындан ары да өтө катаал чараларды көрөбүз», –
деди Ташиев.