Бүгүн, 2-февралда саат 04:30да Бишкек Жылуулук электр борборундагы жарылуудан жабыркаган 5 адам тез жардам линиясы менен Шаардык тез жардам ооруканасына жеткирилген.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, азыркы учурда эки жабырлануучу ар кандай даражадагы күйүк алып, реанимацияда жатат, алардын абалы өтө оор деп бааланууда. Бирөө күйүк бөлүмүндө, абалы оор. Эки жабырлануучу амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү.

Белгиленгендей, жабыркагандар ооруканага түшкөндөн баштап министр Алымкадыр Бейшеналиев жеринде болууда.