Коом

Өлкөдө аялдар күнүнө үй оокатына канча саатын коротот. Статистика

Кыргызстанда аялдар эркектерге салыштыра келгенде, үй жумуштарына дээрлик беш эсеге көп убакыт коротушат. Бул тууралуу Статистика боюнча улуттук комитет билдирди.

Мекеменин маалыматына таянсак, үйдүн оокаты көбүнчө аялдардын мойнунда деп эсептелип, буга өз убактысынын 18 пайыздан ашыгын кетирет.

«Аялдар үй иштерине күн сайын орточо эсеп менен 4 саат 20 мүнөт бөлөт. Ошол эле учурда эркектерде бул 4 пайызга жакын убакытты түзөт», — деп жазылган маалыматта.

Натыйжада аялдар эркектерге салыштырмалуу үй жумуштарына дээрлик беш эсеге, ал эми балдарды тарбиялоого 2,3 эсеге көп убакыт коротору айтылды.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button