Кылмыш-кырсык

УКМК: Жасалма акча каражаттарын сатууга аракет кылган жаран кармалды

УКМК терроризмди жана диний экстремизмди каржылоого каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө (жоюлган К.Асанбектин) уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү, Ысык-Көл облусунун Тоң районунун 1975-жылы туулган тургуну Т.М. тарабынан (У.М.П.) ири өлчөмдө, тагыраагы 100 АКШ доллары номиналындагы жасалма акча каражаттарын мыйзамсыз адалдоо иш-аракеттери аныкталды. 

Буга байланыштуу, үстүбүздөгү жылдын 8-апрелинде КР Кылмыш-жаза кодексинин 233-беренеси (акча жана баалуу кагаздарды жасалмалоо) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында “А” атайын кызматынын кызматкерлери  менен биргеликте, Т.М. жасалма банкнотторду сатууга аракет кылып жаткан жеринен кармалды. 

Жеке тинтүү учурунда анын жанынан 19 800 (он тогуз миң сегиз жүз) АКШ доллары өлчөмүндөгү жасалма акча табылган.

Учурда кармалган жаран 1 айга УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Анын кылмыштуу байланыштарын аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button