Без рубрики

УКМК: Издөөдө жүргөн И.Ташов кармалды


УКМК тарабынан жүргүзүлгөн коопсуздук чараларынын натыйжасында 2024-жылдын 22-апрелинде Чүй облусунун Панфилов районунун Кайыңды айылында бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деп издөөдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жараны И.Ташов кармалды.


Тактап айтканда, И.Ташов Кыргызстан жана Казакстандын Республикасынын мамлекеттик чек араларын Алматы шаарынан Кара-Балта шаарына чейин мыйзамсыз кесип өтүп, бийликти басып алуу максатында каршылык акциясын өткөрүү үчүн күчтөрдү бириктирүү боюнча убактылуу штаб уюштурууну пландап жаткан жеринен кармалды.Буга чейин КР УКМК тарабынан 1983-жылы 2-августта туулган КР жараны Ташов Имамидин Асамидинович, коммерциялык жана башка уюмдардын кызматкерлерин бийликти күч менен басып алууга жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга чакырганы үчүн мамлекеттер аралык издөөгө алынган.
Издөөдө жүргөн И. Ташов бийликти басып алуу максатында калкты адаштыруу үчүн социалдык тармактарда да активдүү иш алып барган.
Учурда тиешелүү тергөө иштери жүрүп жатат.

     

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button