Ош облусунун Алай районунун Сары-Таш алыскы айылында кызмат өтөп, коомдук коопсуздукту көзөмөлдөп, кылмыштуулукту алдын алуу боюнча иш-чараларын жүргүзүп келген аймактык милиция бөлүмчөсүнүн улук ыйгарым укуктуу аймактык милиция кызматкери, милициянын майору Мирлан Жунусов бир жылга жакын убакыттан бери Сары-Таш айылында кызмат өтөп келет.

Ал коомдук коопсуздукту жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча көзөмөлдү жүргүзүп келүүдө.
Белгилей кетсек, Сары-Таш айылы — Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Алай районундагы айыл. Сары-Таш айылдык аймагынын курамына кирип, Алай өрөөнүндө, Талдык ашуусуна жакын, деңиз деңгээлинен 3120-3200м бийктикте, Ош-Хорог автомобил жолунун боюнда жайгашкан. Райондун борбору Гүлчө кыштагынан 104 км, дубандын борбору Ош шаарынан 185 км аралыкта.

Сары-Таш тоо арасында деңиз деңгеелинен бийик жайгашкандыктан, климаттык шарты татаал, такай шамал согуп турат, жылдык жаан-чачынынын өлчөмү 600 мм жетет.
Сары-Таш айылдык аймагын 4 милиция кызматкери тейлейт, анын ичинен бөлүмчө башчысы, 2 ыйгарым укуктуу аймактык милициянын өкүлү, жана нөөмөткердин жардамчысы. Сары-Таш айылы Кыргызстандагы эң суук жерлердин бири экенин Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы катаал шартта кызмат өтөп жаткан милиция кызматкерлеринин иши менен таанышты.