Эсептөө палатасынын Бишкек шаары, Чүй жана Талас областтары боюнча аймактык бөлүмдүн Коллегиясында 2021-2022-жылдарга карата Талас областынын Талас районунун жергиликтүү бюджеттеринин түзүлүшүнө жана аткарылышына, муниципалдык ишканаларынын ишине жана республикалык бюджеттеги айрым мекемелердин бюджеттеринин аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин отчету каралды.

Бул туурасында Эсептөө палатасынан билдиришти.

Жүргүзүлгөн аудиттердин жыйынтыгында — 64 млн 312,2 миң сом каржылык бузуулар аныкталган, анын ичинде:  

  • айыл өкмөттөрдүн бюджеттерин түзүүдө, киреше бөлүктөрү негизсиз төмөндөтүлгөн — 1 372,3 миң сом;
  • жайыт комитети тарабынан жайыт жерлерин пайдалануудан түшкөн акынын 1/3 бөлүгү жергиликтүү бюджетке которулган эмес — 196,4 миң сом;
  • эмгек акы төлөөдөгү бузуулар — 8 406,0  миң сом;
  • бош кызмат орундарына кадрлар резервинде турбаган кызматкерлерди кабыл алуу — 8 268,0 миң сом;
  • штаттан ашыкча бирдиктерди кармоо — 48,1 миң сом;
  • эмгек акыдан кармалбаган киреше салыгы жана Социалдык Фондго төлөмдөр — 89,9 миң сом;
  • курулуш-куроо иштеринин көлөмдөрүнүн жана наркынын жогорулатылышы —2 709,5 миң сом;
  • бюджеттик жана атайын эсептин каражаттарын максатсыз пайдалануу — 8 348,3 миң сом;
  • жыл аягына карата товардык-материалдык баалуулуктардын ченемден ашыкча запастары жана эсептөөлөрдөгү каражаттар — 405,1  миң сом;
  • товардык-материалдык баалуулуктардын ашыкча чыгуусу — 32,2 миң сом;
  • товардык-материалдык баалуулуктарды жана акча каражаттарын негизсиз эсептен чыгаруу (тастыктоочу документтерисиз, авансылык отчеттору жок туруп эсептен чыгарылган) — 679,8 миң сом; 
  • мамлекеттик (муниципалдык) мүлктү ижарага берүүдө, ижара келишимдеринин шарттарын бузуу (мүлктүн сакталышы, төлөө мөөнөттөрүнүн сакталышы) — 1 914,3 миң сом;
  • жашырылган дебитордук карыздар — 387,9 миң сом;
  • “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын талаптарын бузуулар — 39 860,4 миң сом.

Аудит жүргүзүлгөн Талас районунун  мекемелеринде жана уюмдарында аныкталган каржы бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча жазма буйруктар жөнөтүлгөн.

Ал эми Бекмолдо айыл өкмөтүнүн акча каражаттарын, күйүүчү-майлоочу материалдарды негизсиз эсептен чыгаруу жана 6 комбайнды ижарага берүү бөлүгүндө, аудит материалдары укук коргоо органдарына  укуктук баа берүү үчүн жөнөтүлдү.