Кылмыш-кырсык

УКМК: Жалал-Абад шаарында жеке ишкерден опузалап акча талап кылган УКМКнын жалган кызматкери кармалды

УКМК тарабынан 20 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылуу учурунда Жалал-Абад шаардык суу чарба ишканасынын адиси К.Т.А. кармалды.

Аталган жаран КР УКМК кызматкери катары өзүн тааныштырып, жеке ишкерге кысым көрсөтүп, Жалал-Абад шаарындагы акча алмаштыруу жайында аныкталган мыйзам бузуулар үчүн системалуу түрдө опузалап акча талап кылган.
Аталган факты боюнча УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 1-бөлүгүндө (опузалап талап кылуу) каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголду.
Учурда кармалган жаран КР Кылмыш-жаза кодексинин 96-беренесине ылайык УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.
Белгилей кетсек, КР УКМК өз компетенциясынын чегинде уюшкан кылмыштуу топторго жана жамааттарга каршы иш-аракеттерди улантууда.
Мындан улам, УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгы облустун тургундарын кылмыштуу топтор тарабынан мыйзам бузуу фактылары боюнча маалыматы болсо төмөнкү байланыш номуру аркылуу билдирүүгө чакырат: (WhatsApp – 0995 012210).

    

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button