Ардактуу мугалимдер, кадырлуу кесиптештер, түзүлгөн кырдаалга байланыштуу сүйүктүү окуучуларыбызды мектептерибизде эмес, ар биринин үйүнөн аралыктан туруп окутуу милдети алдыбызда турат.

Биздин ар бирибиздин педагогдук парзыбыз, эл алдындагы жоопкерчилигибиз, мугалимдик деңгээлибиз сынала турган мезгилге келдик.

Жалпы ата-энелер, коомчулук да мугалимдердин кадыр-баркын, түйшүгүн, мээнетин сезип жатышат. Демек биз ар бирибиз коомдун акыл-эстүү, мекенчил атуулу катары өзүбүздүн ички дараметибизди, педагогдук потенциалыбызды, түрдүү жагдайлардан чыгууга жөндөмдүү, жаратман кесиптин ээси экендигибизди элге көрсөтүшүбүз керек.

Билимдүү адам башкаларга жарыгын чачат, жакшылыкка үндөйт.

Ата-энелерге атайын кайрылып, балдарынын жүрөгүн тыңшап, түйшөлткөн маселелери болсо угуп, аларга руханий таяныч болуп, колдоп, кубаттап, жашоосуна оптимизм берүүгө үндөп жатам. Мугалимдерибиз да окуу процессинен тышкары балдар менен тез-тез байланышып, ал абалдарын сурап, ишенимдүү мамиле түзүп, позитивдүү кеңештерди беришин мезгил талап кылууда.

Бүгүнкү күн мугалимдерден изденүүнү, жаңы мүмкүнчүлүктөргө умтулууну, кең мейкиндиктерди өздөштүрүүнү, чыныгы кесипкөйлүктү талап кылууда.

Маалымат технологиялары менен сабак берүүгө, билим берүүнүн ар түрдүү натыйжалуу формаларын пайдаланууга азыр эч кандай тоскоолдук жок. “Мен бул технологияларды өздөштүрө албасам керек…” деген гана кооптонуу, айрым кесиптештерибизди түйшөлтүп турат. Окуучуларыбыз керектүү маалыматтарды түрдүү жолдор менен алууга даяр. Мугалимдер өзүбүз жаңы көндүмдөрдү жакшы өздөштүрүп, болгон билимибизди, тарбиябызды окуучуларга жеткирип, бири-бирибизге билгенибизди үйрөтүп, тажрыйбаларыбызды бөлүшөлү.

8-апрелден тарта аралыктан окутуу процесси башталат.
Бала бакчалар жана мектепке даярдоо тайпалары жана 1-4- класстар үчүн КТРдин “Баластан”, 5-11-класстар үчүн ЭлТРдин “Билим, илим”, “Пирамида”, “5-канал”, “Санат” жана областтагы телевидениялардан атайын жадыбал боюнча видеосабактар көрсөтүлөт. Андан тышкары ушул эле сабактар өзүнчө youtube каналдарына жайгаштырылат.

Ар бир видеосабак 20 мүнөткө чейин болот. Мугалимдер видеосабактардан кийин мектепте түзүлгөн ийкемдүү жадыбалга ылайык өзүнүн классындагы окуучулар менен кайтарым байланышка чыгып (Zoom, Google classroom, Telegram, WhatsApp аркылуу), жаңы теманын мазмунун бышыктап, суроолоруна жооп берип тапшырмаларды белгилеши керек.

Окуучулардын өз алдынча билим алуусун камсыздоо үчүн бир топ билим берүүчү электрондук порталдарды даярдадык. Ал сайттардын шилтемелерин өзүнчө тиркемеде беребиз.

Ушул мезгилде өз кесибин сүйгөн, республикабыздын мектептеринде изденип иштеп жаткан мугалимдерибиздин жаңы толкунун жаратабыз. Ар бир мектептен санариптик окутууну өздөштүрүп, терең билим, татыктуу тарбия берген алдыңкы мугалимдерибизди аныктап, коомчулукка тааныштырабыз.

Мен мугалим болгонума, жоопкерчиликтүү жана сыймыктуу кесипти аркалаганыма сыймыктанамын.